Кыргызстанда 2-октябрьда Мугалимдер күнү белгиленет

Басылмалардын датасы: 30.09.2016


Жыл сайын, 1994-жылы Бүткүл дүйнөлүк мугалим күнү катары бекитилген (World Teaches' Day), 5-октябрьда 100дөн ашык өлкөлөрдө мугалимдер күнү белгиленет.  Кыргызстанда “Мугалимдер күнү” жыл сайын октябрдын биринчи дем алыш күнүндө белгиленет.

2015-2016-окуу жылынын башталышына  республиканын 2222 жалпы билим берүү мекемелеринде 75529 мугалимдер эмгектенишет, алардын ичинен 84 пайызга жакынын аялдар түзүшөт. Мындан сырткары, 1186 мектепке чейинки уюмдарда 5693 тарбиялоочулар эмгектенишет, алардын бешөө эркектер.

Республиканын 52 жогорку окуу жайында 14233  мугалимдер эмгектенишет, алардын 59 пайызын аялдар түзүшөт, ал эми 130 орто окуу жайында 6725 мугалимдер эмгектенишет, алардын 69 пайызын аялдар түзүшөт, ошондой эле 101 баштапкы адистик оуу жайларында 3548 мугалимдер эмгектенип, алардын 49 пайыздан көбүрөөгүн  аялдар түзүшөт.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

Социалдык статистика бөлүмү   |e-mail:j.rahmanova@stat.kg,

                                                          +996(312) 664042

 


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:40