КЫРГЫЗСТАНДА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МАКСАТТАРЫНЫН УЛУТТУК МОНИТОРИНГ ТУТУМУН КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮП ЖАТАТ

Басылмалардын датасы: 19.09.2016


 

 

БИШКЕК - КМШ өлкөлөрүнүн улуттук статистика кызматтарынын, Жогорку Кеңештин, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү Бишкекте 2016 ж. 19-20 сентябрда болуп өтүүчү Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын улуттук мониторинг тутумун киргизүү боюнча Эл аралык конференцияга катышып жатышат.

2015-жылдын сентябрь айында БУУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Генералдык Ассамблеяда 2016-2030-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын (ТӨМ) кабыл алышкандан кийин, башкаруу, программаларды иштеп чыгуу жана аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү үчүн статистикалык маалыматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө коюлган талаптар өстү.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары тарабынан иштелип чыккан маанилүү статистикалык маалыматтар адилеттүү башкаруунун баалуу бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык конференция БУУнун Статистикалык комиссиясынын 47-сессиясынын чечимдерин аткаруунун алкагында өткөрүлүп жатат жана анын негизги максаты - маалымат булактарын туура пайдалануу аркылуу ТӨМдү ишке ашыруунун жана анын көрсөткүчтөрүнө жетишүүнүн мониторингин жеңилдете турган стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана колдонмолорду аныктоо.

Эл аралык конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан саламдашуу менен кайрылып, Президенттин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүүгө мониторинг бөлүмүнүн башчысы Раушан Сейткасымова Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына мониторинг жүргүзүүдөгү статистиканын маанилүү ролун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Туруктуу өнүктүрүүнүн масаттарын адатациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык комитеттин түзүлүүсү жөнүндө маалымат берди жана аларды ишке ашыруу менен байланышкан маанилүү маселелер, Парламенттин комитеттеринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин отурумдарына алып чыгылаарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султанов өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей: «Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин алдында бул максаттардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү тутумун кабыл алуу жана киргизүү боюнча маанилүү маселе турат. Бул конференция потенциалды бекемдөө, иштеп жаткан  тутумдагы кемчиликтерди жана аларды жоюу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, ошондой эле БУУга мүчө өлкөлөрдүн статистикалык кызматтарындагы кесиптештер менен өз ара тажрыйба алмашууну түзүүгө багытталган”.

БУУнун тутумунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Александр Аванесов: “Туруктуу өнүктүрүүнүн чөйрөсүнүн Күн тартиби негизги үч курамдан турат – экономикалык өсүш, социалдык өнүгүү жана экологиялык туруктуулук. Бул, өзүнө глобалдык көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча милдеттенмелерди алган Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы багыты болуп саналат. БУУнун агенттиктери жана башка эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына 2030-жылы жетишүүсү үчүн колдоо көрсөтүшөт”, деп ишенерин белгиледи.

Ошондой эле, конференциянын жүрүшүндө негизги багыттарды аныктоого, ТӨМдүн мониторингинин тутумун түзүүгө, маалымат булактарын туура пайдаланууга жана эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктердин ишмердүүлүгүн натыйжалуу координациялоого байланыштуу практикалык маселелер талкууланды. Панелдик дискуссияларда КМШ өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын өкүлдөрү жана бир катар эл аралык эксперттер катышышты.

 

 

 

Кошумча маалымат алуу үчүн

төмөндөгү даректерге кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Пресс-кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717

e-mail: svodnsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дареги: Фрунзе көч. 374 ( Т. Молдо көч. кесилишинде).


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:44