В Национальном статистическом комитете Кыргызской Республики состоялось заседание межведомственной рабочей группы по вопросам развития горных регионов.
Басылмалардын датасы: 12.12.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча межведомстволук жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин Жол картасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн жана ведомстволор аралык жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн абалына, калктын жашоо деңгээлине жана тоолуу аймактардын тургундарынын ден соолугуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле статистикалык жана административдик маалыматты түзүүгө жана пайдаланууга ведомстволор аралык макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу маселелери каралды.
Жыйындын жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн абалын мониторингдөө, калктын жашоо деңгээли жана тоолуу аймактардын жашоочуларынын ден соолук абалы боюнча маселелер, ошондой эле статистикалык жана административдик маалыматтарды түзүү жана пайдалануу боюнча ведомстволор аралык макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу каралды.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү Жол картасында каралган багыттар боюнча маалыматтарды берүүгө даяр экендиктерин тастыкташты, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар, климаттык жана экологиялык көрсөткүчтөр, калкты социалдык колдоо, билим берүү инфраструктурасы жана илимий-методикалык коштоо маселелери.
Тоолуу калктуу пункттардын бирдиктүү классификациясын түзүү, маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө мамилелерди стандартташтыруу, ошондой эле ведомстволор аралык координацияны күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

