Улуттук статистика комитетинде демографиялык статистиканы өндүрүү үчүн административдик маалыматтардын сапатын жогорулатуу маселеси талкууланд

Басылмалардын датасы: 26.04.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун статистикалык компоненттерин ишке ашыруунун алкагында, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (ЭВӨС) аркылуу берилүүчү калктын табигый жана миграциялык кыймылы боюнча административдик маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен региондук статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн үч күндүк семинар өткөрөт.

Семинардын негизги максаты – облустук статистика башкармалыктарынын адистеринин жарандык абалдын актыларын жазуу системасынын негизинде калктын табигый кыймылы жана миграциясы, ошондой эле административдик маалыматтардын сапатын көтөрүү максатында, «Түндүк» ЭВӨС аркылуу маалымат алмашууга катышкан мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелери тууралуу статистикалык маалыматтарды өндүрүү боюнча потенциалын жогорулатуу.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери да катышышат.




 

Демографиялык статистика бөлүмү                |e-mail: gabdullaeva@stat.kg;                     |тел. + 996 (312) 324636

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 26.04.2023, 18:04