Улутстаткомдо Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 20.03.2025


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамына арналган жаркын жана салтанаттуу иш - чара болуп өттү. Бул майрам кыргыз салттарын сактоо жана улантууну чагылдыруу менен Улутстаткомдун корпоративдик маданиятынын маанилүү бөлүгү болуу менен жаратылыштын жаңылануусун, ынтымакты жана биримдикти символдоштурат.
 
«Нооруз майрамы – биримдиктин, ынтымактын майрамы. Биз да бүгүн Нооруз майрамын белгилеп, бири-бирибизге жакшы ой-тилектерди, каалоолорду билдирели. Бул майрамда ар бирибизге жакшы көңүл, тынчтык, гүлдөп-өнүгүү тилейли»,-деп белгиледи майрамдык иш-чарада Төрага Бактыбек Кудайбергенов.
 
Майрамдын урматына Улутстаткомдун кызматкерлери салттуу майрамдык тамакты — сүмөлөктү даярдашты. Кыргызстанда Нооруз майрамынын ажырагыс бөлүгү болгон сүмөлөк ар бир адамга молчулукту, бакубатчылыкты жана жакшы каалоолорду билдирет. Сүмөлөк даярдоо, атмосфераны жылуулук жана жайлуулук менен толтурган майрамдын маанилүү элементи болуп калды.
 
Иш-чаранын алкагында конкурс уюштурулуп, анда кызматкерлер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар улуттук бийлерди жана ырларды кошуп, жандуу номерлерди даярдап, ошондой эле кыргыз элинин ушул күнгө байланыштуу каада-салттарын тартуулашты. Иш-чаранын соңунда кыргыздын каада-салттарына жана Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган программа тартууланды.
 
Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Улутстаткомдун кызматкерлеринин биринин баласына арнап тушоо кесүү жөрөлгөсүн өткөрүү болду. Бул ырым улуттук салттын бир бөлүгү катары ымыркайдын жашоосундагы жаңы этаптын башталышын билдирип жана майрамдын өзгөчө учуру болду.
 
Иш-чара Нооруз майрамынын негизги шарты болгон биримдик, кубаныч жана жылуу маанайда өттү. Элдин биримдигин бекемдөө жана жаркын келечекке дем берүүчү улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертти.
 
Иш-чаранын соңунда Төрага Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомдун эмгек жамааттына достуктун жана ынтымактын жаркын чагылышы болгон бул эстен кеткис иш-чараны уюштурууга активдүү катышкандыгы жана чыгармачыл мамилеси үчүн бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
 

Акыркы жаңылоо: 20.03.2025, 16:25