Улутстаткомдо жарым жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары каралды

Басылмалардын датасы: 28.07.2023


2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.

Коллегияда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева баяндама жасады. Ал коллегиянын катышуучуларына үстүбүздөгү жылдын 1 - жарым жылдыгына статистикалык иштердин программасында каралган иш-чаралардын аткарылышы, УЭС-2008 улуттук эсептеринин эл аралык стандарттарына өтүү боюнча иштердин аткарылышы, көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө (КККИ) даярдык көрүү боюнча даярдык иштери, ТӨМгө мониторинг жүргүзүү боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маалымдады. Туруктуу өнүгүү жөнүндө 2023-жылдагы баяндамага ылайык, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү боюнча, ошондой эле «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө  изилденген 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи.   Азыркы учурда бул система республиканын бардык муниципалитеттеринде ишке киргизилген, анда калктын 75% дан ашыгы катталган.

Коллегиянын жүрүшүндө Улутстаткомдун өндүрүштүк жеке ишкердик ишмердикти жүргүзгөн  чарбакер субъекттердин камтылышын өз убагында эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосун актуалдаштыруу жана жүргүзүү зарылдыгын аныктаган буйругун аткарууга өзгөчө көңүл бурулду.
           Ошондой эле отурумда Улутстаткомдун аймактык органдарынын жетекчилери чыгып сүйлөштү, алар биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы жана жер-жерлерде статистикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшүндө туш болгон көйгөйлөр жөнүндө өз баяндамаларын беришти.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жана Улуттук статистика комитетинин жана анын аймактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жалпысынан коллегиянын жыйынтыктары жетишилген натыйжаларга баа берүүгө жана республиканын статистикалык органдарынын ишин мындан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.


Акыркы жаңылоо: 28.07.2023, 16:09