Улутстаткомдо УЭТ көрсөткүчтөрүн эсептөөнүн жаңы ыкмаларынын бетачары болуп өттү

Басылмалардын датасы: 28.09.2023


 

2023-жылдын июнь айында Улутстатком 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун стандарттарына өтүү жөнүндө маалымдаган жана 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилдеги ИДПнын көрсөткүчтөрүнө айлар боюнча учурдагы жана салыштырмалуу бааларда кайра эсептөө жүргүзгөн. Бул иш эл аралык стандарттарга шайкеш келүү мүмкүндүгүн берет жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууну камсыз кылат.

Мындан сырткары, Улутстатком 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилдеги кварталдык улуттук эсептерди (КУЭ) биринчи жолу кварталдар жана айлар боюнча дискреттик негизде аткарды.

Алдыда 2022-жылдагы ИДПнын такталган жылдык көрсөткүчтөрүн түзүүнүн жүрүшүндө азык-түлүктөр салыгынын физикалык көлөмүнүн индексин (ФКИ) айлар боюнча кайра эсептөө, ошондой эле 2023-жыл үчүн алдын-ала маалыматтарды айлар боюнча кайра эсептөө иштери турат, бул ИДПнын өсүү темпине олуттуу таасирин тийгизет.    

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Кавказ, Борбор Азия жана Моңголия өлкөлөрүнүн потенциалын өнүктүрүү региондук борборунун Эл аралык Валюта Фондунун реалдуу сектор статистикасы боюнча кеңешчиси Леван Гогоберишвили мырзага көрсөткөн консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана жүргүзүлгөн иштер орто мөөнөттүү болжолдорду эсептөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзө тургандыгын белгилеп өттү.  


Акыркы жаңылоо: 29.09.2023, 09:11