Басылмалардын датасы: 01.04.2025
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Төрага Бактыбек Кудайбергенов, Оберт Пимхидзай башында турган Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңчилик маселелери боюнча миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңдик программасы жакырчылыкты кыскартууга жана маалыматтарга негизделген саясат, социалдык программалар жана экономикалык реформалар аркылуу жалпы жыргалчылыкты жайылтууга багытталган.
Жолугушуунун негизги багыттарынын бири Кыргыз Республикасында жакырчылыктын картасын түзүүгө колдоо көрсөтүүнү талкуулоо, ошондой эле 2025-жылдын июнь айында Душанбеде (Тажикстан Республикасы) өткөрүлө турган "экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу" конференциясына катышууга даярдык көрүү болду.
Программанын алкагында Улутстатком Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул иш жалпысынан "Санарип Аймак" системасы боюнча мамлекеттик жумушчу топто ведомстволор аралык координациялоону, региондук өнүгүүгө мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону талап кылат, мында Улутстатком координациялоочу ролду ойнойт. Белгилей кетсек, Улутстатком статистикалык талдоодо пайдалануу үчүн дезагрегацияланган маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере турган системаны иштеп чыгууну аяктады.
Жолугушууда ошондой эле Дүйнөлүк банк менен Улутстаткомдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы кадамдары, ошондой эле статистикалык маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртууга өбөлгө болуучу чаралар талкууланды.
Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов: "Улутстатком Дүйнөлүк банк менен жигердүү жана жемиштүү кызматташууга даяр жана биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышына үмүттөнөт", - деп белгиледи.



