Улутстаткомдо "Улуттук рух-дүйнөлүк бийиктиктер" Доктринасы менен таанышуу иш-чарасы болуп өттү

Басылмалардын датасы: 27.03.2025


Бүгүн Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер" (Уңгужол) Доктринасы жөнүндө Жарлыгына арналган таанышуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара доктринанын принциптерин жана максаттары менен тереңирээк таанышуу үчүн уюштурулган.
 
Иш-чараны Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев ачты жана доктринанын мааниси, жарандардын мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана ар тараптуу өнүгүүгө умтулуу экендигин баса белгилеп, улуттук иденттүүлүктү мындан ары бекемдөөгө негиз болуп, жарандардын биримдигине өбөлгө түзөөрүн айтты.
 
Иш-чаранын маанилүү бөлүгү Улуттук дем, анда доктринанын негизги жоболору жана принциптери баса белгиленип, катышуучулар тереңирээк таанышып, анын негизги аспектилерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
 
Бул иш-чара Кыргызстандагы күчтүү жана келечекке ишенимдүү жарандык коомду калыптандыруу идеясын жайылтуудагы маанилүү кадам болуп калды.
 

Акыркы жаңылоо: 27.03.2025, 14:10