Улутстаткомдо 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 10.02.2023


Бүгүн, 2023-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаевдин катышуусундагы коллегиянын отуруму болуп өттү.

Төраганын биринчи орун басары Айнура Орозбаева баяндама жасап, статистикалык программада каралган бардык иштер Улутстатком тарабынан өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылгандыгын баса белгиледи.

Ошол эле учурда 2022 - жылы 26 миңден ашык статистикалык иштер аткарылган, алардын 10 миңи-программадан тышкары. Республиканын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалын мүнөздөгөн статистиканын ар кандай багыттары боюнча Улутстатком тарабынан 167 экономикалык баяндама, 1000ден ашык экспресс-маалымат, 600дөн ашык статистикалык бюллетендер даярдалган, 67 статистикалык жыйнактар жана басылмалар басылып чыккан.

2022-жылы Улутстаткомдун маанилүү иш-чарасы республиканын аймагында заманбап технологияларды колдонуу менен эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү болду. Ушуга байланыштуу быйыл Улутстаткомдун алдында маанилүү милдет турат – каттоонун жыйынтыктарын жайылтуу.

Мындан тышкары, быйылкы жылдагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары болуп үстүбүздөгү жылга карата статистикалык программаны сапаттуу аткаруу, мамлекеттик жана эл аралык программалардын иш-чараларын аткаруу болуп саналат деп белгиледи баяндамачы.

Улутстаткомдун аймактык органдарынын жетекчилери да баяндама жасашты. Алар катышуучуларга өткөн жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жана жер-жерлерде статистикалык маалыматтарды чогултуу учурунда туш болгон көйгөйлүү маселелер тууралуу айтып беришти. Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев аймактык органдардын жетекчилерине бир катар суроолорду берип, жергиликтүү бийлик жана райондук администрациялар жер-жерлердеги статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Коллегиянын ишинин жыйынтыгы боюнча орун алган кемчиликтерди четтетүүгө жана Улутстаткомдун жана анын аймактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Акыркы жаңылоо: 10.02.2023, 18:08