Улутстаткомдо Статистика боюнча кеңештин отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 15.02.2017


Бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде Статистика боюнча кеңештин отуруму болуп өттү.

Статистика боюнча кеңештин курамы:

Султанов А.Ш.      -          Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

Мадеминов М.Г.  -          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Кармышаков У.Т. -          Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Иманалиев Д.Ш.  -          Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Чуйков Н.А.            -          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Акимова Н.М.       -          Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Жеңиш Нурбек     -          Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

Акматалиев А.А.  -          Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик;

Дикамбаев А.Ш.  -          Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору

Акенеев Ж.А.         -          Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, коомдук ишмер;

Мусаев А.Ы.          -          Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.

Статистика боюнча кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылдагы тапшырмалары боюнча маселелер каралды. Жыл жыйынтыгы боюнча Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов чыгып сүйлөду.

Кеңештин отурумунда ошондой эле, маалыматтарды респонденттерден электрондук жыйноо, структуралык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын  жана статистика органдарында иштеген кызматкерлердин материалдык абалын жакшыртуу маселелери каралды.


Акыркы жаңылоо: 15.02.2017, 11:36