Улутстаткомдо расмий статистиканын баалуулуктары жана улуттук статистика тутумунун артыкчылыктары маселелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 26.07.2024


Улутстаткомдо облустук жана райондук статистика органдарынын жетекчилеринин эл аралык эксперттер менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө республиканын улуттук статистика тутумундагы иштер, статистикалык маалыматтарды жайылтуу, ошондой эле Улутстатком менен башка өндүрүүчүлөрдүн жана статистиканын колдонуучуларынын ортосундагы координацияны жана коммуникацияны жакшыртуу презентациялары көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кеңешмени ачып, катышуучуларга расмий статистикалык маалыматтарды натыйжалуу жана сапаттуу жайылтуунун, ошондой эле статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу белгилеп өттү.

Өз кезегинде, эл аралык эксперттер сапаттуу статистика кыйла натыйжалуу саясатты иштеп чыгууга жана татаал социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү деталдуу талдоого жардам бере тургандыгын тастыктап, расмий статистиканын чечимдерди кабыл алуу процессиндеги баалуулугу тууралуу маалыматтар берилди.

Мыйзам чыгаруу маселелери боюнча эл аралык эксперт тарабынан Кыргыз Республикасында улуттук статистика тутумунун зарылдыгы жана артыкчылыгы жөнүндө сунуштамалар айтылды, аларды түзүүнүн максаты колдонуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары тарабынан так, актуалдуу, өз убагында берилген жана ишенимдүү статистиканы өндүрүү болуп саналат

Иш-чаранын жүрүшүндө коммуникациялар жана жайылтуу боюнча эксперт тарабынан берилген расмий статистиканы жайылтуу маселелери талкууланды, ал колдонуучулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ачыктыкты жана ишенимди илгерилетүүнүн, ошондой эле жайылтуунун ар түрдүү каналдарын колдонууга мүмкүндүк берүүчү жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун маанилүүлүгү тууралуу белгилеп өттү.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары статистикалык көрсөткүчтөрдү өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча ой-пикир алмашышты.


Акыркы жаңылоо: 27.07.2024, 20:53