Ошто үч күнгө созулган Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого тартыла турган персонал үчүн семинар жыйынтыкталды
Басылмалардын датасы: 04.02.2022
Бүгүн, 2022-жылдын 4-февралында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо алкагында Ош, Жалал-Абад (Тогуз-Торо районунан тышкары), Баткен облустары жана Ош шаары боюнча райондук, облустук мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн үч күндүк семинар өз ишин жыйынтыктады.
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Улутстаткомдун башка кызматкерлери катышышты.
Үч күндүк окутуучу семинарды жыйынтыктап жатып, Улутстаткомдун кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик статистика органдарынын кызматчыларына “Каттоо” автоматташтырылган-маалыматтык тутум жөнүндө маалымат беришип, чогултуучу таблицаларды кантип түзүү керектигин үйрөтүп беришти. Андан тышкары, семинардын катышуучуларынан өтүлгөн окутуу боюнча сынак алынды.
Семинардын соңунда, Улутстаткомдун төрагасы Б.Кудайбергенов семинардын катышучуларына кайрылып, өз сөзүндө: “Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан мамлекеттик масштабдагы ушул иш-чараны өткөрүүгө даярдык көрүү иштери кызуу жүрүүдө. Каттоонун эң маанилүү этабы, ага карата даярдыктын сапаты болуп саналат. Биз канчалык сапаттуу даярдансак, каттоо ошончолук жогорку деңгээлде өтөт”,- деп билдирди Б.Кудайбергенов.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.