Эл каттоо алкагында Ош жергесинде каттоонун өзгөчөлүктөрү боюнча ЖМКнын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү
Басылмалардын датасы: 25.02.2022
Бүгүн, 2022-жылдын 25-февралында Ош шаарында жалпыга маалымдоочу каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого көрүлүп жаткан даярдык иштерин талкулоо боюнча семинар өткөрүлдү.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл каттоонун өзгөчө маанисине токтолуп, анын жыйынтыгы калкты жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандырууга негиз болоорун баса белгиледи.
Семинардын алкагында Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы фондун кызматкерлери медиа тармактын өкүлдөрүнө келе жаткан Эл каттоонун датасы, кандай форматта өтөөрүн, Эл каттоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Улутстаткомдун каттоо статистикасы жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева бул жолку эл каттоо биринчи жолу электрондук форматта өтө тургандыгын билдирди. “Ар бир жарандын персоналдык маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо алкагында каттоочуларда онлайн жана офлайн режиминде мамлекеттик жана расмий тилде иштей турган мобилдик тиркемеге кирүүдө өзүнүн жеке паролу жана логини болот”,- деди ал өз сөзүндө.
Өз кезегинде БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы Фондунун программалык аналитиги Бактыбек Кайназаров Эл каттоо учурунда респонденттердин жана каттоочулардын эпидемиологиялык коопсуздугуна токтолду. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте каттоо учурунда таажывирустук инфекциянын жайылып кетпеши үчүн жасала турган аракеттердин алгоритми иштелип чыккандыгын, ошондой эле вирустан жеке коргоонуучу каражаттар сатылып алынгандыгын жана каттоодогу суролор тизмесине респондент пандемия маалында вирус менен ооруганбы же ооруган эмеспи өңдүү суроолор боло тургандыгын баса белгилей кетти.
Семинарда ошол эле учурда статистикалык маалыматтарды таратуудагы кодонулуп жаткан заманбап технологиялар жана Улутстатком менен ЖМКлардын ортосундагы кызматташтыгын жакшыртуу максатында жасалып жаткан аракеттер да айтылды. Статистика тармагынын негизделгендиги, калыптангандыгы жана Улутстаткомдун коомубуздагы ролу тууралуу да видеороликтер семинарда көрсөтүлдү.
Семинардын соңунда катышуучулардын ортосунда эл жана турак-жай фондун каттоо учурунда маалыматтык саясат, калың коомчулукка эл каттоонун маанисин туура жеткизүү боюнча пикир алмашуулар болду.
Иш-чара Улуттук статистика комитети Орусия Федерациясынын каржылык көмөгү менен БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы Фонд тарабынан жүзөөгө ашырылуучу “КЫРГЫЗСТАТ: калк статистикасын өндүрүү, талдоо жана таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутумун бекемдөө” долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg.
Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).
Биз жеткиликтүүбүз: |
тел.625747 |