Республикада санариптик технологияларды колдонууда, билим берүү чөйрөсү алдыңкы орунда
Басылмалардын датасы: 31.10.2022
Улутстатком тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 21 миң чарба жүргүзүүчү субъекттин ичинен 12 миңден ашыгы, же 54 пайыздан ашыгы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) практикалык ишмердигинде колдонушту.
МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү чөйрөсүнүн уюмдарына – 32 пайызы, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо уюмдарына – 12, дүң жана чекене соодага, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоого – 9 пайызы туура келет.
2021-жылы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдаланган ишканалар жана уюмдар
2021-жылы жеке компьютерлердин жалпы санынын ичинен 82 миңден ашыгы, же болбосо 33 пайызы билим берүү чөйрөсүндө ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерге туура келди.
Билим берүү чөйрөсүндө ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерде колдонулуучу оргтехниканын (сканерлердин, планшеттердин, принтерлердин) саны 2021-жылы 22 миңден ашты же болбосо оргтехника кражаттарын колдонуучуладын жалпы санынын 25 пайызын түздү.
Ишканалардагы жана уюмдардагы жеке компьютерлер жана иш техника каражаттары
|
2017 |
2018 |
2019 |
2020 |
2021 |
|
Бардыгы |
||||
Жеке компьютерлер – бардыгы |
190 300 |
203 315 |
221 548 |
222 589 |
247 090 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда |
63 109 |
68 623 |
73 054 |
76 373 |
82 294 |
|
|
|
|
|
|
Иш техника каражаттары- бардыгы |
72 052 |
76 080 |
80 605 |
82 609 |
88 646 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда |
18 583 |
19 561 |
20 078 |
21 096 |
22 314 |
|
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
Жеке компьютерлер – бардыгы |
100 |
100 |
100 |
100 |
100 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда |
33,2 |
33,8 |
33,0 |
34,3 |
33,3 |
|
|
|
|
|
|
Иш техника каражаттары - бардыгы |
100 |
100 |
100 |
100 |
100 |
анын ичинен |
|
|
|
|
|
билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда |
25,8 |
25,7 |
24,9 |
25,5 |
25,2 |
2021-жылы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө 20 миң адис ишке орношсо, андан 4 миңден ашыгы (22 пайызы) билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда ишмердигин жүргүзүштү. Республика боюнча мындай адистердин эң көп үлүшү Бишкек шаарына (жалпы сандын 35,6 пайызы) болсо, ал эми эң төмөнкүсү Нарын облусуна ( 1,2 пайызга) туура келди.
Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы|e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324725, 664166
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).