Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу дээрлик 15 пайызга жогорулады
Басылмалардын датасы: 12.11.2021
Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 11 ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулап, бир тонна 5 942,9 сомду түздү.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 000,0 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 344,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга, Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга, Талас – тоннасы 989,2 сомго же 17,4 пайызга жана Жалал-Абад – тоннасы 946,3 сомго же 16,2 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.
2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында
(бир тонна, сом)
|
Октябрь |
11-ноябрга |
Четтөө: |
Кыргыз Республикасы |
5 181,8 |
5 942,92 |
761,1 |
Каракол ш. |
6 113,4 |
6 962,38 |
849,0 |
Балыкчы ш. |
4 000,0 |
4 049,69 |
49,7 |
Кербен ш. |
5 999,2 |
7 137,14 |
1 138,0 |
Токтогул ш. |
6 062,2 |
5 947,14 |
-115,0 |
Жалал- Абад ш. |
5 857,8 |
6 804,09 |
946,3 |
Чаек а., Жумгал району |
3 000,0 |
3 000,00 |
0,0 |
Нарын ш. |
4 200,0 |
4 500,00 |
300,0 |
Исфана ш. |
8 365,0 |
8 746,43 |
381,4 |
Баткен ш. |
9 344,7 |
9 344,66 |
0,0 |
Кара-Суу ш. |
7 000,0 |
7 000,00 |
0,0 |
Ноокат ш. |
9 794,9 |
10 000,00 |
205,1 |
Өзген ш. |
5 738,8 |
6 246,66 |
507,9 |
Покровка а., Манас району |
5 300,0 |
5 500,00 |
200,0 |
Талас ш. |
5 692,1 |
6 681,32 |
989,2 |
Кара-Балта ш. |
4 500,0 |
4 500,00 |
0,0 |
Токмок ш. |
4 598,9 |
4 695,74 |
96,8 |
Бишкек ш. |
4 558,5 |
5 597,51 |
1 039,1 |
Ош ш. |
6 763,5 |
6 832,20 |
68,7 |
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).