Коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүүдө
Басылмалардын датасы: 20.08.2021
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында катталган лабораториялык жана клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган коронавирус инфекциясынын саны (COVID-19) май айындагы 9,6 миң учурдан июль айындагы 37,4 миң учурга чейин көбөйдү.
2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)
|
Бардыгы |
Калктын 100 миңине |
||||
|
май |
июнь |
июль |
май |
июнь |
июль |
Кыргыз Республикасы |
9 625 |
22 607 |
37 423 |
146 |
344 |
569 |
Баткен облусу |
60 |
915 |
2 693 |
11 |
169 |
496 |
Жалал-Абад облусу |
212 |
1 639 |
2 487 |
17 |
131 |
199 |
Ысык-Көл облусу |
610 |
651 |
1 378 |
122 |
130 |
276 |
Нарын облусу |
227 |
245 |
606 |
78 |
84 |
208 |
Ош облусу |
175 |
1 837 |
1 406 |
13 |
133 |
102 |
Талас облусу |
90 |
200 |
501 |
33 |
74 |
186 |
Чүй облусу |
2 241 |
4 152 |
4 568 |
232 |
429 |
472 |
Бишкек шаары |
5 580 |
10 737 |
22 830 |
524 |
1 009 |
2 146 |
Ош шаары |
430 |
2 231 |
954 |
135 |
703 |
301 |
Үстүбүздөгү жылдын июлунда коронавирус инфекциясынын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (61%) жана Чүй облусуна (12%дан ашык) туура келди.
Үстүбүздөгү жылдын июлунда июнь айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 1,6 эсеге, ал эми май айына салыштырмалуу 3,9 эсеге өстү.
2021 жылы калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы
(COVID-19) менен ооругандардын саны
___________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).