Республикада орточо эмгек акы өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9 пайызга көбөйдү
Басылмалардын датасы: 02.11.2021
2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 586 сомду түздү жана 2020-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-ж. январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,6 АКШ долларын түздү.
Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын баардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин эң олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10,9 процент), Ош ш. (13,5 процент) жана Бишкек ш. (9,9 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде байкалды.
Эмгек акынын эң бийик өлчөм Бишкек ш. (24 931 сом), Нарын (18 870 сом) жана Жалал-Абад (18 609 сом) облустарынын кызматкерлеринде катталды.
2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча орточо айлык номиналдык
эмгек акы1
|
Сом |
Мурунку жылдын тийишт³³ |
---|---|---|
Кыргыз Республикасы |
19 586 |
109,2 |
Баткен облусу |
14 307 |
107,8 |
Жалал-Абад облусу |
18 609 |
106,5 |
Ысык-Кјл облусу |
14 572 |
105,8 |
Нарын облусу |
18 870 |
106,0 |
Ош облусу |
13 711 |
110,9 |
Талас облусу |
17 587 |
104,4 |
Чій облусу |
17 356 |
107,8 |
Бишкек ш. |
24 931 |
109,9 |
Ош ш. |
17 625 |
113,5 |
1 Чакан ишканаларды эсептебегенде
2021-жылдын январь-августунда бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,7 эсеге жогору болду.
Бюджеттик чөйрөдө бюджеттик эмес чөйрөндөй эле, Ош ш. (13,1 процент) жана Ош облусунун (8,8 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде орточо айлык эмгек акысынын өсү темпинин олуттуу жогорулашы байкалды.
2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы1
|
Сом |
Мурунку жылдын тийишт³³ мезгилине карата пайыз менен |
||
|
бюджеттик чөйрө |
бюджеттик эмес чөйрө |
бюджеттик чөйрө |
бюджеттик эмес чөйрө |
Кыргыз Республикасы |
15 746 |
26 136 |
105,9 |
111,1 |
Баткен облусу |
13 726 |
16 841 |
106,6 |
111,0 |
Жалал-Абад облусу |
13 328 |
30 906 |
103,8 |
105,0 |
Ысык-Кјл облусу |
13 530 |
17 465 |
104,7 |
108,2 |
Нарын облусу |
17 673 |
25 871 |
104,7 |
111,2 |
Ош облусу |
12 972 |
19 304 |
108,8 |
122,3 |
Талас облусу |
13 007 |
38 038 |
103,7 |
105,1 |
Чій облусу |
14 574 |
21 376 |
103,9 |
110,9 |
Бишкек ш. |
20 728 |
28 208 |
105,3 |
112,0 |
Ош ш. |
15 934 |
21 096 |
113,1 |
113,6 |
1 Чакан ишканаларды эсептебегенде
2021-жылдын январь-августунда орточо республикалык денгээлди маалымат жана байланыш (41 206 сом), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (39 686 сом), пайдалуу кендерди казуу (39 041 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы ашты.
Эң төмөн эмгек акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (10 028 сом), айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук (11 355 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (11 814 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринде белгиленди.
2021-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин
түрлөрү боюнча кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы
(чакан ишканаларды эсептебегенде, сом)
Эмгек жана иш менен камсыз кылуустатистикасы бөлүмү |e-mail: jailobaeva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 626076
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).