Республикада жазгы талаа жумуштары аяктап жатат

Басылмалардын датасы: 15.05.2024


Апрель айында белгиленген туруксуз аба ырайынын шарттары (абанын табы төмөндөп, улам жааган жамгыр) жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата республика боюнча жалпысынан 376 миң гектарга  жаздык өсүмдүктөр себилди, бул былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 38 миң гектарга же 9 пайызга аз.

Жаздык өсүмдүктөр Чүй облусунун чарбаларында эң көп аянтка себилди, бул үстүбүздөгү жылдын жазгы себүүлөрүнүн жалпы аянтынын 45 пайызын,   Ош облусунда – 20 пайызды, Ысык-Көл  жана Жалал-Абад облустынын ар биринде  12  пайызын ээлейт.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча  себилиши

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

Жыйынтыкка

2023

2024

пайыз менен

Кыргыз Республикасы

414,2

376,3

90,9

100

Баткен облусу

26,9

28,6

106,6

7,6

Жалал-Абад облусу

62,6

44,7

71,5

11,9

Ысык-Көл облусу

54,3

46,6

85,8

12,4

Нарын облусу

4,7

3,4

73,5

0,9

Ош облусу

80,3

73,8

91,9

19,6

Талас облусу

9,8

9,1

92,4

2,4

Чүй облусу

173,5

168,8

97,3

44,9

Ош ш.

2,1

1,3

58,8

0,3

 

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата жаздык буудай себилген аянт өткөн жылдын  ушул эле датасына карата 70 пайызды,  жаздык арпа – 72 пайызды,  дан жүгөрүсү – 51 пайызды, жашылча – 49 пайызды, картошка 31 пайызды, кант кызылчасы – 84 пайызды,  пахта – 69  пайызды, май өсүмдүктөрү – 48 пайызды жана көп жылдык чөптөр – 51 пайызды түздү.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдүн түрлөр боюнча себилиши

 

Себилди -

бардыгы, миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

2023-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка карата

2023

2024

пайыз менен

Бардыгы

      анын ичинен:

414,2

 

376,3

 

90,9

 

54,8

  буудай

80,8

70,9

87,8

69,6

  арпа

 171,0

166,7

97,5

72,3

  дандык жүгөрү

65,8

53,2

80,8

51,4

  картошка

16,6

14,2

85,5

31,1

  жашылчалар

14,9

15,7

105,3

48,7

  май өсүмдүктөрү

9,5

7,0

73,9

47,8

  пахта

                    15,7               

             12,2

77,7

69,1

  кант кызылчасы

11,5

11,0

95,5

84,1

  көп жылдык чөптөр

18,4

16,0

87,0

51,4

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү  тарабынан 68,5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылды жана 364,7 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалды.


Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.05.2024, 09:57