2022-жылдын январында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.02.2022


Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2022-жылдын январында,  өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1,0 пайызга көбөйүү менен 37 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 35 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,1 пайызга көбөйдү.

ИДПнын өсүү темпи негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Ошол эле учурда, эгерде 2021-жылдын январында кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга төмөндөсө, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу алар, тескерисинче 4,0 пайызга көбөйгөн. Муну менен катар товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 3,0 пайызга (2021-жылдын январында - 10,0 пайызга) төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (50,4 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген, бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка көп, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь айынын деңгээлинде калган. Өткөн жылы 36,0 пайзды түзгөн. ИДПнын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 24,1  пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка төмөн. Курулуштун үлүшү өткөн жылдын январь айынын деңгээлинде калып, 2,6 пайызды түзүдү, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка көбөйүп, 9,3 пайызды түзүдү.

2022-жылдын январындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 2021

2022

ИДП

37 546,0

101,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

13 533,5

97,0

36,0

36,0

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

3 507,8

102,4

8,7

9,3

Өнөр жай

9 047,1

94,6

24,7

24,1

Пайдалуу кендерди казуу

1 353,1

93,4

1,7

3,6

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

5 129,1

100,4

14,9

13,7

Электр энергия, газ, буу жана

2 403,7

83,4

7,6

6,4

  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

2 403,7

83,4

7,6

6,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

161,2

95,7

0,5

0,4

Курулуш

978,6

101,6

2,6

2,6

Кызмат көрсөтүү тармактары

18 895,8

104,0

49,2

50,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

6 367,5

107,6

14,7

17,0

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

1 887,3

103,5

4,9

5,0

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

473,4

108,4

1,1

1,3

Маалымат жана байланыш

1 513,4

113,5

3,9

4,0

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

8 654,2

100,2

24,6

23,1

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

5 116,7

101,0

14,8

13,6


______________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы 
e-mail: eisenkulova@stat.kg;тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 16.02.2022, 14:50