2023-жылдын январында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 10.02.2023


Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2023-жылдын январында,  өткөн жылдын январына салыштырмалуу 4,8%  көбөйүү менен 48 млрд. ашык сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январына салыштырмалуу 5,7% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,3% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,9%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 29,4% түздү. Муну менен бирге,  ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20,1% түздү жана 1,1 пайыздык пунктка өстү, айыл чарбасынын үлүшү 7,3% түздү жана 0,1 пайыздык пунктка көбөйду, ал эми курулуштун үлүшү 2,0% түздү жана тескерисинче
0,1 пайыздык пунктка кыскарды.

2023-жылдын январындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

ИДП

48 482,2

104,8

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

14 284,6

105,7

28,3

29,4

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

3 518,2

101,7

7,2

7,3

Өнөр жай

9 789,2

107,8

19,0

20,1

Пайдалуу кендерди казуу

1 841,3

126,0

3,3

3,8

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

5 890,6

104,3

11,6

12,1

Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

1 899,9

104,6

3,7

3,9

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

157,4

90,5

0,4

0,3

Курулуш

977,2

100,8

2,1

2,0

Кызмат көрсөтүү тармактары

24 177,2

104,3

49,1

49,9

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

7 756,5

109,2

14,0

16,0

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

2 567,2

104,1

5,3

5,3

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

780,1

127,9

1,1

1,6

Маалымат жана байланыш

1 896,6

104,5

4,1

3,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

11 176,8

100,4

24,6

23,1

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

10 020,4

104,8

22,6

20,7

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.02.2023, 15:00