2016-жылдын январь-апрелинде негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин көлөмүнүн деңгээлинде калышты
Басылмалардын датасы: 13.05.2016
Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-апрелинде 23 млрд. сомду түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине туура келет. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 2,9 пайызга өстү, ал эми тышкы булактардын эсебинен тескерисинче, 0,8 пайызга кыскарды.
Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 77 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде 210,4 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,7 пайызга аз.
______________________________________________________________________
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын |e-mail:birukova@stat.kg;| тел. + 996 (312) 324642
инвестиция статистикасы бөлүмү
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).
