2016-жылдын январь-апрелинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалды

Басылмалардын датасы: 16.05.2016


2016-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукцияларынын көлөмү 50,6 млрд. сомду түздү, физикалык көлөмдүн индекси 73,1 пайызды, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда – 92,6 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы кыскаруулардын себептери баалуу металдар өндүрүшүндөгү (45,5 пайызга), текстиль өндүрүшүндөгү (46,6 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктулардагы (23,7 пайызга), кийим өндүрүшүндөгү (13 пайызга) көлөмдүн олуттуу төмөндөшү болуп саналды. Электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштурүүнүн көлөмү 15,2 пайызга кыскарды.

Муну менен катар жылдын башынан бери башка пайдалуу кендерди казуунун (3,3 эсеге), мунайзаттын жана металл кендеринин (1, 8 эсеге) өсүүсү белгиленди.

 

 

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

e-mail anurbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.05.2016, 13:47