2024-жылдын январь-апрелинде экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы уланды

Басылмалардын датасы: 11.05.2024


Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-апрелинде алдын-ала баалоо боюнча 342 миллиард сомго жакындады жана 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 7,4 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январь-апрелинде 154,7 миллиард сомду түздү жана 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктуларын (31,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (28,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн (19,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (18,2 пайызга), ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (3,6 пайызга)  көбөйүшүнүн эсебинен 2,2 пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 50,8 пайызды, дүң жана чекене соодада - 20,7 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында 2,1 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 1,4 пайызды түздү. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 4,1 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,9 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 0,2 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун (0,7 пайызга төмөндөө) кошпогондо, республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү (2,1 пайыз) Талас облусунда катталган, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (2,2 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп жогорулашы менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-мартында 3,7 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 12,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 33,0 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-мартында 868,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,5 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (70,4 пайыз) жана Казакстанга (27,2 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

        Импорт                                                                                                   Экспорт

                                                                         

 

2023-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын (БэФКУ) ишмердигинин көрсөткүчтөрү

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 664038 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши)


Акыркы жаңылоо: 11.05.2024, 14:35