Үстүбүздөгү жылдын январ- апрелиндеги ички дүӊ продуктунун өсүүсү белгиленди
Басылмалардын датасы: 14.05.2019
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2019-ж. январ- апрелинде өткөн жылдын январ-апрелине салыштырмалуу 5,7 пайызга өсүп, 150 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 131,3 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январ-апрелине салыштырмалуу 1,6 пайызга жогорулады.
ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январ-апрелине салыштырмалуу – 111,7пайызды (2018-ж. январ-апрелинде – 100,7 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,4 пайызды (2018-ж. январ-апрелинде – 101,4 пайыз) түздү.
2018-жылдын январ-апрелине салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү бир пайыздык пунктка өсүп, 35,5 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 0,2 пайыздык пунктка өсүп, 48,7 пайызды түздү.
2019-жылдын январ-апрелиндеги экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2018 |
2019 |
|||
ИДП |
149622,6 |
105,7 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
53043,5 |
111,7 |
34,5 |
35,5 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
10369,0 |
101,8 |
7,1 |
6,9 |
Өнөр жай |
34496,7 |
116,7 |
21,9 |
23,0 |
Пайдалуу кендерди казуу |
1213,9 |
126,9 |
1,0 |
0,8 |
Иштетүү өндүрүшү |
|
|
|
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
27987,7 |
120,6 |
17,0 |
18,7 |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо |
|
|
|
|
(жабдуу) |
4801,0 |
95,8 |
3,6 |
3,2 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
494,1 |
115,6 |
0,3 |
0,3 |
Курулуш |
8177,8 |
104,3 |
5,5 |
5,5 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
72858,7 |
101,4 |
48,5 |
48,7 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
22592,9 |
104,0 |
15,3 |
15,1 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
6564,6 |
102,7 |
4,6 |
4,4 |
Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги |
1957,6 |
106,1 |
1,4 |
1,3 |
Маалымат жана байланыш |
5222,9 |
95,6 |
3,8 |
3,5 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
36087,7 |
100,2 |
22,7 |
24,2 |
Продуктуларга таза (субсидияларды |
|
|
|
|
эсептебегенде) салыктар |
23720,4 |
105,7 |
17,2 |
15,9 |
____________________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: vmambetalieva@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695; 325351
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).