Үстүбүздөгү жылдын январь-августундагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 12.09.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-августунда өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,0% жогорулоо менен 506 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 468 млрд. ашык сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,1% көбөйдү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 12,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-августунда тескерисинче 7,7% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-авгутуна салыштырмалуу 3,9% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 6,1% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди (46,1%), бул өткөн жылдын деңгээлинде сакталды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 1,4 пайыздык пунктка төмөндөп жана 37,9% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 19,5% түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 12,7 % түздү жана тескерисинче 1,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2022-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
|
2022 2022 |
||||||
ИДП |
505 898,9 |
108,0 |
100,0 |
100,0 |
|||
Товар өндүрүү тармактары |
191 625,7 |
112,9 |
39,3 |
37,9 |
|||
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
64 131,7 |
108,5 |
14,2 |
12,7 |
|||
Өнөр жай |
98 646,7 |
119,3 |
18,8 |
19,5 |
|||
Пайдалуу кендерди казуу |
12 347,5 |
106,3 |
1,7 |
2,4 |
|||
Иштетүү өндүрүшү |
71 138,6 |
126,6 |
13,7 |
14,1 |
|||
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
13 802,2 |
96,5 |
3,0 |
2,7 |
|||
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 358,4 |
90,9 |
0,4 |
0,3 |
|||
Курулуш |
28 847,3 |
103,8 |
6,3 |
5,7 |
|||
Кызмат көрсөтүү тармактары |
233 412,6 |
103,9 |
46,1 |
46,1 |
|||
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
76 959,0 |
105,5 |
15,3 |
15,2 |
|||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
21 203,8 |
114,5 |
4,2 |
4,2 |
|||
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
5 441,0 |
119,9 |
1,0 |
1,1 |
|||
Маалымат жана байланыш |
13 024,3 |
103,4 |
3,0 |
2,6 |
|||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
116 784,5 |
100,3 |
22,6 |
23,0 |
|||
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
80 860,6 |
108,0 |
14,6 |
16,0 |
_____________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).