Январь-июль айларында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.08.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-июлунда 47 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 11,7 пайызга көбөйдү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче, 20,4 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 82 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги, билим берүү жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 420 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү  мезгилине салыштырмалуу бир пайызга көп. 

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  инвестиция статистикасы бөлүмү  

|e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 11.08.2016, 09:54