Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды
Басылмалардын датасы: 11.08.2023
Ички дүң продукт (ИДП)1, алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 2,9% жогорулоо менен 563 млрд. жакын сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,6% өстү.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,4%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,6% түзүп, 3,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,2 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
2023-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2022 |
2023 |
|||
ИДП |
562 960,8 |
102,9 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
156 028,7 |
100,1 |
31,1 |
27,6 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
45 518,9 |
98,3 |
9,3 |
8,1 |
Өнөр жай |
85 832,1 |
98,0 |
17,2 |
15,1 |
Пайдалуу кендерди казуу |
13 196,5 |
105,8 |
2,7 |
2,3 |
Иштетүү өндүрүшү |
62 736,7 |
96,3 |
12,5 |
11,1 |
Электр энергия, газ, буу жана |
|
|
|
|
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
8 576,7 |
98,6 |
1,7 |
1,5 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 322,2 |
95,1 |
0,3 |
0,2 |
Курулуш |
24 677,7 |
111,2 |
4,6 |
4,4 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
300 329,6 |
104,6 |
53,5 |
53,4 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
73 652,5 |
112,0 |
12,9 |
13,1 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
21 806,2 |
108,4 |
4,0 |
3,9 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
6 300,6 |
125,9 |
0,9 |
1,1 |
Маалымат жана байланыш |
13 400,0 |
107,9 |
2,6 |
2,4 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
185 170,3 |
100,4 |
33,1 |
32,9 |
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
106 602,5 |
102,9 |
15,4 |
19,0 |
1Маалыматтар 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
Экономикалык статистика жана
улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.+996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).