Ушул жылдын январь-июлундагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 11.08.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7% жогорулоо менен 425 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 393 млрд. жакын сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7% көбөйдү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 12,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-июлунда тескерисинче 8,9% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,5% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 5,4% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46,7%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 0,9 пайыздык пунктка төмөндөп, 36,9% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 20,0% түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 11,6 % түздү жана тескерисинче 0,9 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2022-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
|
2021 2022 |
||||||
ИДП |
425 182,6 |
107,7 |
100,0 |
100,0 |
|||
Товар өндүрүү тармактары |
156 864,8 |
112,9 |
37,8 |
36,9 |
|||
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
49 245,1 |
108,4 |
12,5 |
11,6 |
|||
Өнөр жай |
84 892,1 |
118,7 |
19,3 |
20,0 |
|||
Пайдалуу кендерди казуу |
10 840,0 |
108,1 |
1,7 |
2,5 |
|||
Иштетүү өндүрүшү |
60 278,8 |
126,2 |
13,9 |
14,2 |
|||
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
12 585,2 |
95,9 |
3,3 |
3,0 |
|||
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 188,1 |
90,0 |
0,4 |
0,3 |
|||
Курулуш |
22 727,6 |
103,6 |
6,0 |
5,3 |
|||
Кызмат көрсөтүү тармактары |
198 559,1 |
103,5 |
47,2 |
46,7 |
|||
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
61 592,6 |
104,8 |
14,8 |
14,5 |
|||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
18 015,2 |
115,0 |
4,3 |
4,2 |
|||
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
3 907,5 |
114,7 |
0,9 |
0,9 |
|||
Маалымат жана байланыш |
11 301,6 |
103,1 |
3,2 |
2,7 |
|||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
103 742,2 |
100,3 |
24,0 |
24,4 |
|||
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
69 758,7 |
107,7 |
15,0 |
16,4 |
__________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).