2024-жылдын январь-июнунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.07.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-июнунда мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 8,1%га жогорулады жана 559,7 млрд. сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактардын жана продукттарга болгон таза салыктардын ѳсүү темпинин жогорулашы себебинен камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 8,7,%га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 7,7%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 8,4%га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (51,7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.  Ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,1 пайыздык пунктка жогорулап, 28,8%ды түздү. Мында, эгерде курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка өскөн болсо, анда өнөр жайдын үлүшү, тескерисинче, 0,2 пайыздык пунктка, айыл чарбасынын үлүшү 0,1 пайыздык пунктка кыскарган.

2024-жылдын январь-июнундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

559 723,7

108,1

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

161 541,1

108,7

27,7

28,8

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

34 062,7

103,3

6,2

6,1

Өнөр жай

95 982,6

100,9

17,3

17,1

Пайдалуу кендерди казуу

10 914,7

96,3

1,9

1,9

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

73 948,0

100,1

13,4

13,2

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

 

9 659,3

 

109,0

 

1,8

 

1,7

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 460,6

121,4

0,2

0,3

Курулуш

31 495,8

148,5

4,2

5,6

Кызмат көрсөтүү тармактары

289 212,1

107,7

53,4

51,7

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

71 316,1

118,3

11,8

12,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

18 388,6

105,1

3,2

3,3

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

7 111,0

124,8

1,1

1,3

Маалымат жана байланыш

13 394,3

111,1

2,5

2,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

179 002,1

103,5

34,8

32,0

Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

108 970,5

108,4

18,9

19,5

 

Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.07.2024, 10:05