Январь-июнь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүшү белгиленди
Басылмалардын датасы: 11.08.2016
2016-жылдын январь-июнунда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 13947 сомду түзүп, 2015-ж. январь-июнуна салыштырмалуу 12,3 пайызга өстү, ал эми анын керектөө бааларынын индекси эсепке алынып чыгарылган реалдуу өлчөмү 11,4 пайызга көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна негизделгенде, 2016-ж. январь-июнунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 195,6 АКШ долларын түздү.
Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгы
e-mail: jailobaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 626076
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“КРнын Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).
