Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.07.2023


Ички дүң продукт (ИДП)1, алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 3,9% жогорулоо менен 453 млрд. ашык сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,6%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,7% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,3%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 26,9% түзүп, 2,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 0,5 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

2023-жылдын январь-июнундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

   ИДП

453 369,5

103,9

100,0

100,0

   Товар өндүрүү тармактары

121 865,1

102,6

29,5

26,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

30 671,2

102,5

7,3

6,8

   Өнөр жай

72 206,5

100,5

17,8

15,9

   Пайдалуу кендерди казуу

11 203,9

106,1

2,9

2,5

   Иштетүү өндүрүшү 
  (Иштетүү өнөр жайы)

52 150,8

99,6

12,7

11,5

  Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

7 756,6

99,0

1,9

1,7

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 095,2

92,6

0,3

0,2

  Курулуш

18 987,4

111,2

4,4

4,2

  Кызмат көрсөтүү тармактары

241 694,2

104,7

54,4

53,3

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

58 389,8

112,3

12,5

12,9

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

18 613,2

106,5

4,3

4,1

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

5 068,8

129,5

0,9

1,1

   Маалымат жана байланыш

11 951,8

113,0

2,7

2,6

   Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

147 670,6

100,3

34,0

32,6

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

89 810,2

103,9

16,1

19,8

1Маалыматтар 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.+996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.07.2023, 12:49