2024-жылдын январь-ноябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 09.12.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-ноябрында мурунку жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,0 %га жогорулады жана 1,2 триллиондон ашык сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрь айларына  салыштырмалуу 10,2 %га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,1 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,6 %га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (50 % ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка өскөн, ошол эле учурда товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 1,0 пайыздык пунктка жогорулап, 33,6 %ды түздү.  Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу курулуштун үлүшү 1,5 пайыздык пунктка өскөн, өнөр жайдын үлүшү 0,5 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 1,0 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.

2024-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

1 225 950,6

109,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

412 097,9

110,2

32,6

33,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

115 947,7

106,2

10,5

9,5

Өнөр жай

205 716,7

104,5

16,2

16,7

Пайдалуу кендерди казуу

22 406,3

101,8

1,8

1,8

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

163 335,1

103,7

12,8

13,3

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

 

17 089,0

 

114,1

 

1,4

 

1,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 886,3

117,8

0,2

0,2

Курулуш

90 433,5

132,6

5,9

7,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

612 812,8

108,1

49,8

50,0

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

188 901,2

115,1

14,7

15,4

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

36 160,5

105,2

2,9

2,9

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

20 592,2

121,0

1,6

1,7

Маалымат жана байланыш

26 068,7

111,7

2,1

2,1

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

341 090,2

103,9

28,5

27,9

Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

201 039,9

109,6

17,6

16,4

Эскертүү: Маалыматтар 2008-жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
 
 
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 10.12.2024, 09:19