2025-жылдын январь-ноябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Басылмалардын датасы: 15.12.2025
2025-жылдын январь-ноябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-ноябрында мурунку жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 10,2%га жогорулады жана 1 628,6 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 12,0%га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,9%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,5 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,3%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,7 пайыздык пунктка жогорулап, 35,3%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү - 1,0 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,6 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
2025-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар - айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55%ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
