Январь-ноябрындагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 12.12.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-ноябрында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 781 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,8% өсүп, 426,3 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,7% жогорулады, ошол эле убакта, 2021-жылдын январь-ноябрында, тескерисинче, алардын 2,3% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,4% өстү (2021-жылдын январь-ноябрында 6,5% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,5%) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,5 пайыздык пунктка өскөн. Ошол эле убакта, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,5 пайыздык пунктка төмөндөп 38,6% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү 2,6 пайыздык пунктка, курулуштун - 0,6 пайыздык пунктка жана өнөр жайдын үлүшү - 0,3 пайыздык пунктка кыскарды.
2022-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2021 |
2022 |
|||
ИДП |
781 388,7 |
107,0 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
301 888,9 |
109,7 |
42,1 |
38,6 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
105 838,9 |
106,4 |
16,1 |
13,5 |
Өнөр жай |
141 966,7 |
114,4 |
18,5 |
18,2 |
Пайдалуу кендерди казуу |
17 660,4 |
108,5 |
1,8 |
2,3 |
Иштетүү өндүрүшү |
104 274,6 |
120,5 |
13,7 |
13,3 |
Электр энергия, газ, буу жана |
18 115,8 |
90,1 |
2,7 |
2,3 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 915,9 |
91,3 |
0,3 |
0,3 |
Курулуш |
54 083,3 |
105,3 |
7,5 |
6,9 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
355 225,6 |
104,4 |
44,0 |
45,5 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
127 426,0 |
106,8 |
16,3 |
16,3 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
27 686,4 |
110,4 |
3,7 |
3,6 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
9 785,0 |
119,8 |
1,1 |
1,3 |
Маалымат жана байланыш |
18 177,6 |
106,2 |
2,7 |
2,3 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
172 150,6 |
100,3 |
20,2 |
22,0 |
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
124 274,2 |
107,0 |
13,9 |
15,9 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).