2016-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
Басылмалардын датасы: 15.11.2016
Ички дүң продукт (ИДП) 2016-ж. январь-октябрында алдын-ала баалоо боюнча 360 млрд. сомго жакынын түздү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилинин денгээлинен 2,7 пайызга жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда тиешелүүлүгүнө жараша 326,1 млрд. сомду түзүп, 3,3 пайыз болду.
ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге товардык өндүрүш тармактары 102,1 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактар-103,2 пайызды түздү.
Өткөн жылдын январь-октябрына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 1,2 пайызга (негизинен үлүшү 0,9 пайызга төмөндөгөн айыл чарба жана өнөр жайдын - 0,2 пайыз эсебинен) азайып, 39,3 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 1,9 пайызга көбөйүп, 49,2 пайызды түздү.
Мурунку жылдын январь-октябрына карата ИДПнын дефлятору (экономиканын бардык тармактарынын бааларынын жалпыланган индекси) 103,1 пайызды түздү.
2016-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
(пайыз менен)
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү темптери (төмөндөшү- ) |
ИДПнын түзүмү |
|
2015 |
2016 |
|||
ИДП |
359900,1 |
2,7 |
100 |
100 |
Товарларды өндүргөн тармактар |
141495,2 |
2,1 |
40,5 |
39,3 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
54949,8 |
2,2 |
16,1 |
15,3 |
Өнөр жай |
60535,1 |
-0,3 |
17,1 |
16,8 |
Пайдалуу кендерди казуу |
3585,5 |
18,1 |
0,8 |
1,0 |
Иштетүү өндүрушү (Иштетүү өнөр жайы) |
51239,0 |
-0,5 |
14,5 |
14,2 |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
4963,6 |
-8,2 |
1,6 |
1,4 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
747,0 |
4,6 |
0,2 |
0,2 |
Курулуш |
26010,3 |
7,6 |
7,3 |
7,2 |
Кызмат көрсөтүүчү тармактар |
177056,3 |
3,2 |
47,3 |
49,2 |
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди |
62758,2 |
8,1 |
17,3 |
17,4 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
14309,9 |
-2,0 |
3,9 |
4,0 |
Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги |
6411,8 |
9,4 |
1,8 |
1,8 |
Маалымат жана байланыш |
15279,2 |
-3,0 |
4,5 |
4,3 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
78297,2 |
0,8 |
19,8 |
21,7 |
Продуктуларга таза (субсидиялар эсептен алынган) салыктар |
41348,6 |
2,7 |
12,2 |
11,5 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: g.satybekova @stat.kg; тел. + 996 (312) 324695
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).