Январь-октябрындагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды
Басылмалардын датасы: 11.11.2022
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-октябрында өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 688 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5% өсүп, 641,1 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 9,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-октябрында, тескерисинче, 4,0% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 4,1% өстү (2021-жылдын январь-октябрында 6,4% өскөн).
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,0%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,0 пайыздык пунктка төмөндөп 39,2% түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү 18,2% түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги дэңгээлде сакталды, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 14,4% түздү жана 2,5 пайыздык пунктка кыскарды.
2022-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||||
2021 |
2022 |
||||||
ИДП |
688 830,6 |
107,0 |
100,0 |
100,0 |
|||
Товар өндүрүү тармактары |
270 044,6 |
109,9 |
42,2 |
39,2 |
|||
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
99 451,4 |
106,7 |
16,9 |
14,4 |
|||
Өнөр жай |
125 327,5 |
114,9 |
18,2 |
18,2 |
|||
Пайдалуу кендерди казуу |
15 712,4 |
106,1 |
1,8 |
2,3 |
|||
Иштетүү өндүрүшү |
91 568,4 |
121,1 |
13,5 |
13,3 |
|||
Электр энергия, газ, буу жана |
|||||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
16 342,5 |
91,8 |
2,6 |
2,4 |
|||
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
1 704,2 |
90,7 |
0,3 |
0,2 |
|||
Курулуш |
45 265,7 |
105,0 |
7,1 |
6,6 |
|||
Кызмат көрсөтүү тармактары |
309 667,8 |
104,1 |
43,9 |
45,0 |
|||
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
109 431,6 |
106,2 |
15,8 |
15,9 |
|||
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
25 829,9 |
111,0 |
3,8 |
3,7 |
|||
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
8 198,4 |
120,1 |
1,1 |
1,2 |
|||
Маалымат жана байланыш |
16 227,5 |
105,1 |
2,7 |
2,4 |
|||
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
149 980,4 |
100,3 |
20,5 |
21,8 |
|||
Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
109 118,2 |
107,0 |
13,9 |
15,8 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).