Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрындагы ички дүң продукттун өсүү тенденциясы сакталды

Басылмалардын датасы: 12.10.2023


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808 млрд. ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4,2% жогорулады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 5,5%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5,1%,  товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2,4% жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% жакын) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,6 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,5 пайыздык пунктка төмөндөдү жана 30,2% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14,3% түзүп, 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 10,9% түздү жана 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2023-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

  ИДП

808 282,8

104,2

100,0

100,0

  Товар өндүрүү тармактары

244 354,5

102,4

33,7

30,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

87 953,0

100,1

12,5

10,9

  Өнөр жай

115 706,9

100,4

15,9

14,3

  Пайдалуу кендерди казуу

18 153,8

103,8

2,5

2,3

  Иштетүү өндүрүшү 
  (Иштетүү өнөр жайы)

85 070,3

98,6

11,7

10,5

  Электр энергия, газ, буу жана

       

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

10 652,0

109,6

1,4

1,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 830,8

99,4

0,3

0,2

  Курулуш

40 694,6

113,7

5,3

5,0

  Кызмат көрсөтүү тармактары

419 000,3

105,1

51,3

51,9

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

111 473,7

112,7

13,7

13,8

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

27 910,8

108,0

3,6

3,5

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

10 833,9

119,6

1,2

1,3

  Маалымат жана байланыш

17 826,6

107,8

2,5

2,2

  Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

250 955,3

100,4

30,3

31,1

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

144 928,0

105,5

15,0

17,9

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351


Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.10.2023, 11:43