Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларында экономиканын өсүшү байкалган
Басылмалардын датасы: 13.03.2026
Алдын ала баалоо боюнча, 2026-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукция (ИДП) 264 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,8 пайызга жогорулады.

Өнөр жай. Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь–февралына салыштырмалуу өсүшү химиялык продукциялардын (3,1 эсеге), фармацевтикалык продукциялардын (1,7 эсеге), резина жана пластмасса буюмдарынын, курулуш материалдарынын, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдардын, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (1,6 эсеге), транспорт каражаттарынын (42,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки продукцияларынын (16,8 пайызга), тазаланган мунай продукцияларынын (18,2 пайызга), негизги металлдардын (11,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (47,2 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, өндүрүш көлөмү 23,2 пайызга өскөн. Ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 11,4 пайызды, ал эми айыл чарбасында 2,6 пайызды түзгөн.
Ушул жылдын январь–февраль айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 1,9 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасы 2,2 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 2,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 0,4 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 3,6 пайызга жогорулады.
Ушул жылдын январь–февраль айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда катталып, 4,2 пайызды түздү. Бул алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 5,8 пайызга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин 12,1 пайызга жогорулашы менен байланыштуу. Ал эми тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар боюнча эң чоң өсүш 3,5 пайыз, азык-түлүк эмес товарлар боюнча 3,3 пайыз болуп, Ош облусунда катталган.
2026-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,0 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 2,0 пайызга көбөйгөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3 пайызга азайып, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,1 пайызга көбөйгөн.
2026-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 396,8 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасында эң чоң үлүш Россияга (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29,0 пайыз) туура келген.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)
Экспорт Импорт
Презентациялар:
1. Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
2. Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун өткөрүүгө даярдык көрүү иштеринин жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы, республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналат, рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалымат менен камсыз кылат.
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме кылууга милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылуу дареги:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: +996 (312) 625747,
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет) Биз жеткиликтүүбүз: www.stat.gov.kg |Facebook тел. 625747
