Кыргызстандагы ЖОЖдордо биринчи жолу «Бизнес аналитика жана статистика» багыты ачылууда

Басылмалардын датасы: 11.07.2024


Улуттук статистика комитети менен ЖОЖдордун кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Жаңы 2024-2025-окуу жылынан баштап Кыргыз Республикасындагы бир нече ЖОЖдор бакалавриат жана магистратура программалары үчүн “Бизнес аналитика жана статистика” багытын ачышууда.

Билим берүү мекемелеринин тизмесине төмөнкүлөр кирет:

- И.Раззакова атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (бакалавр жана магистратура)

- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети ИИУ (бакалавр)

- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (бакалавр)

Бул инновациялар КР Улуттук статистика комитетинин акыркы 2 жыл ичинде ЖОЖдор менен болгон иш-аракеттеринин аркасында ишке ашты. Окутуучулардын статистика жана маалыматтарды талдоо жаатындагы квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлер үчүн 2024-жылдын 8-июлунан 10-июлуна чейинки мезгилде Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунда Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистика тутумун модернизациялоо” долбоорунун алкагында “Статистикалык сабаттуулук жана маалыматтарды талдоонун ыкмалары” аттуу тренинг болуп өттү. Курс Статистикалык  изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эксперттери  тарабынан иштелип чыккан.

 

Иш-чара төмөнкү темаларды камтыды:

- негизги түшүнүктөр жана статистикалык сабаттуулуктун маанилүүлүгү;

- негизги статистикалык түшүнүктөр жана терминдер;

- ар кандай статистикалык ыкмаларды сыпаттоо жана колдонуу (регрессия, корреляция, дисперсиялык талдоо жана башкалар);

- статистикалык талдоо үчүн программалар менен иштөөнү үйрөнүү (SPSS, MS Excel)

Тренингдин жүрүшүндө 10 жогорку окуу жайынан илимдин кандидаттары жана докторлору окутулду. Бүгүнкү күндө «Статистикалык сабаттуулук жана маалыматтарды талдоо ыкмалары» курсу сегиз ЖОЖдо ишке киргизилди:

 

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманова атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;

- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети ИИУ;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

- Эл аралык инновациялык технологиялар университети;

- К.Тыныстанова атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

- С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

- Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы;

- К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (Жалал-Абад);

- Ош мамлекеттик университети;

- M.M. Адышев атындагы Ош технологиялык университети.

Иш-чаранын соңунда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышуучуларга маалыматтарга кызыгуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды. Ал статистикалык билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине статистика тармагындагы адистерди даярдоонун деңгээлин көтөрүүгө умтулгандыктарына ыраазычылык билдирди.

Бардык окуу материалдары жайылтуу жана андан ары колдонуу үчүн университеттерге өткөрүлүп берилди. Бул иш-чара Кыргызстанда статистика жана маалыматтарды талдоо тармагында билим берүүнү өнүктүрүү жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуудагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

 


Акыркы жаңылоо: 12.07.2024, 10:18