Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 27.09.2023


Кыргыз Республикасында туризм приоритеттүү тармактардын бири болуп саналат. 2022-жылы эс алуучулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,1 млн. адам (1,7 эсеге көп) эс алган.

2023-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 121,1 миң чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган.  

2022-жылы 441 эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, 60 турфирма жана туроператор, ошондой эле эс алуу мекемелеринин аймагында жана алардын аймагынан сырткары жайгашкан 1,3 миң конок үй туристтерди кабыл алган жана тейлеген. 

Көрсөтүлгөн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2022-жылы 1,5 миң эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, конок үйлөр туристтерди кабыл алган жана тейлеген. Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 384 миң адамды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көп.  Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун курорттук зонасынын уюштурулбаган секторунда (конок үйлөр жана үй чарбалар) 2022-жылы 800 миңден ашык адам эс алган же бул 1,2 эсеге көп.

2022-жылы туристтик фирмалар аркылуу 11,4 миң адам жөнөтүлгөн, алардын 80 пайызы Кыргызстандын жарандары, ал эми 20 пайызы Кыргызстанда саякаттаган башка өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны (жарандыгы бар өлкөлөр боюнча) 7 миллиондон ашкан. Кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги саны Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандарына туура келген.

2022-жылдагы жарандыгы бар өлкөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы   (e-mail; ltekeeva@stat.kg;/ тел.+996 (312) 324 725, 324 918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 27.09.2023, 17:01