Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү: Цифрлар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 11.07.2024


БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында эл аралык майрам – Бүткүл дүйнөлүк калктар күнүн (World Population Day) белгиледи, аны калктын жайгашуу маселелерине көңүл бурдуруу, жалпы өнүгүү программаларына жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн жыл сайын 11-июлда белгиленет. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү белгилүү бир темага арналат. 2023-жылы республиканын кеңири коомчулугунун назарына кыялдарды ишке ашырууга жардам берүү үчүн гендердик теңчиликти илгерилетүү зарылдыгын эскерип, “Гендердик теңчиликтин күчүн бошотуу: дүйнөбүздүн чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн аялдар менен кыздардын үнүн күчөтөбүз” деген жаңы ураан сунушталды.

2023-жылы Калктын өсүү темпи 1,8%ды түздү, акыркы үч жылда өз маанисин сактап калды (салыштыруу үчүн 2019-жылы – 2,3%). Калктын эң жогорку өсүү темпи Баткен жана Ош облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,2% жана 2,0%), Жалал-Абад облусунда (1,9%), эң төмөнкүсү Нарын жана Ысык-Көл облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 1,2% жана 1,1%) байкалган.

2024-жылдын башында республикасынын калкынын саны 7 миллион 162 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, басымдуу үлүшү айыл калкына – болжол менен 65%, же 4 млн. 665 миң адам туура келген, ал эми шаар калкынын үлүшү 35% дан көбүрөөк, же 2 млн. 497 миң адамды түздү.

2023-жылы эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2024-жылдын башында эркектер саны 3 млн. 543 миң адамды (49,5%) жана аялдар – 3 млн. 619 миң (50,5%) түзгөн, бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Нарын, Талас жана Ош облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан басымдуулук кылат. (Ош шаарынан башка).

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ЖААК органдарынын маалыматы боюнча, 2023-жылы 146,0 миң төрөт катталган (2022-жылы 150,2 миң). Ошол эле учурда, төрөлгөндөрдүн жалпы санындагы кыздардын (49%) жана эркек балдардын (51%) салыштырма салмагы акыркы бир нече жыл аралыгында өзгөрүүсүз калган.

Бала төрөлгөндө эненин орточо жашы мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүп, 28,3 жашты түздү. Белгилей кетсек, эң жаш энелер Ош облусунда жашашат (27,7 жаш).

Мурдагыдай эле, ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт (төрөлгөн балдардын 57% дан көбүрөөк), бирок акыркы жылдары ушул курактан улуу аялдар төрөгөн учурлардын өсүшү белгиленүүдө.

Муну менен катар, никеге турганга чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздардын төрөт көрсөткүчү 2019-жылдагы ушул курактагы 1000 кызга 5,6 баладан 2023-жылы 2,8 балага чейин 2 эсеге кыскарган.

Никеге турганга чейинки курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда байкалган, анда 2023-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,7 эсеге ашкан.

2023-жылы Республика боюнча төрөттүн орточо жалпы коэффициенти 1000 жашоочуга 20,6 жаңы төрөлгөн баланы түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 22%га төмөн. (1000 калкка 26,3)

Эң жогорку көрсөткүч Баткен (1000 калкка 25,4 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган), Ош (23,8) жана Нарын (23,5) облустарында байкалган.

Аймактар боюнча төрөлгөндөрдүн саны

(калктын 1000ине, промилле)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 __________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү                                                                        

e-mail: gabdullaeva@stat.gov.kg;    тел. + 996 (312) 325546, 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.07.2024, 09:35