Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү

Басылмалардын датасы: 04.06.2021


Коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу жана адамдардын табигый ресурстарга болгон мамилесин тез арада өзгөртүү зарылдыгын белгилөө максатында, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жыл сайын 5-июнда белгиленет.  

Бул жыл экосистеманы калыбына келтирүү темасына жана биздин жаратылыш менен болгон мамилебизге арналат, андан тышкары, 2021-2030-жылдардагы экосистеманы калыбына келтирүү БУУнун он жылдыгынын расмий башталышы болот.

Республикада экосистемаларды сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чаралар 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына жана эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасы - Борбордук Азия чөлкөмүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок тоолуу өлкө. Өлкөнүн рельефинде мөңгүлөрү жана өрөөндөрү бар курч тоо чокулары басымдуулук кылат. Кыргызстандын аймагынын болжол менен 90 пайызы деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Республиканын айрым табигый аймактары өзгөчө корголуучу аймак статусуна ээ. Алардын максаты уникалдуу табигый түзүлүштөрдү сактоо, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоо, жапайы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генофондун сактоо. 2021-жылдын башында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жалпы аянты 1 305,3 миң гектарды түзгөн. (Бүткүл өлкөнүн 6,5 пайызы). Учурда республиканын аймагында 10 мамлекеттик жаратылыш коругу жана 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянты кеңейүүдө. Ошентип, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жаратылыш парктарын - "Хан-Тенири" жана "Алатай" түзүү боюнча токтомдору кабыл алынган.

 

2010

2015

2016

2017

2020

Коруктардын саны

10

10

10

10

10

  алардын аянты, миң гектар

503,9

578,5

578,5

578,5

578,5

Мамлекеттик жаратылыш парктарынын саны

9

10

11

13

13

  алардын аянты, миң гектар

304,4

359,0

389,5

724,1

726,8

Өлкөнүн жалпы аянтындагы үлүш, пайыз менен

4,0

4,7

4,8

6,5

6,5

2021-жылдын башында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында катталган корголуучу жаныбарлардын саны 67 миңден ашыкты түзгөн (анын 16 миңден ашыгы Кызыл китепке кирген), 60 миңден ашуун канаттуулар (5 миңге жакыны Кызыл китеп). Ар кандай өсүмдүктөрдүн 11 миңге жакын түрү өскөн.

2011-жылдагы улуттук токой инвентаризациясынын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын токой фондусунун жалпы аянты 2,6 млн. га түзөт, анын 1,1 млн. га токойлуу жерлер, же өлкөнүн жалпы аянтынын 5,6 пайызын түзөт. Республикалык маанидеги токойлордо токойду калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Акыркы жылдары республиканын аймагында 10 миң гектар аянттагы токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Токойлорду калыбына келтирүү аянтынын болжол менен 50 пайызы Жалал-Абад облусунун, болжол менен үчтөн бир бөлүгү Ош жана Нарын облустарынын аймагына туура келет.

Орто эсеп менен республикада шаарларда жана айылдарда 1 000 адамга 1,5 гектардан жашыл аянт туура келет. Бул көрсөткүчтүн региондордо, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда туруктуу маанисинин фонунда анын төмөндөшү байкалууда.

Натыйжалардын бири катары, 2020-жылы Бишкек шаарынын индустриялуу райондордо азот диоксидинин жол берилген эң жогорку концентрациясынын учурларынан чегинен ашканы байкалган (байкоо жүргүзүүнүн жалпы санынын 32 пайызы), ошондой эле тынч райондордо ( Байкоолордун жалпы санынын 15 пайызы).

_______________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы

|e-mail: kerimalieva20@gmail.com;|тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 04.06.2021, 17:33