Улутстаткомдун жетекчилиги жана Дүйнөлүк банк өкүлдөрүнүн жолугушуусу: кызматташтыктын жыйынтыктары жана келечектеги пландар

Басылмалардын датасы: 19.08.2024


Бүгүн, 19-август 2024-жылы, Улутстаткомдо Статистикалык системаны модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө ишке ашкан жыйынтыктар талкууланып,  келечектеги кызматташуу пландары белгиленди.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Дүйнөлүк банкка көрсөткөн колдоосу үчүн оозеки ыраазычылык билдирди. Ал долбоор алкагында ишке ашкан маанилүү жетишкендиктерди белгилеп, алардын ичинде улуттук статистикалык системанын негизги алкактуу негиздеринин бекитилиши менен негизги ички документтердин иштелип чыгышы, секторлор боюнча методикалык сунуштардын жана нормаларынын эл аралык стандарттардын негизинде жаңыртылышы камтылганын белгиледи.

«Биз статистика процесстеринин эл аралык стандарттык моделдерин (GSBPM) жана статистикалык уюмун  баалоо жана талдоо моделдерин (GAMSO) бизнес-процесстерге активдүү киргизип жатабыз, ошондой эле АМТ автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы электрондук статистикалык отчеттуулукка өтүп жатабыз», — деп белгиледи Бактыбек Кудайбергенов. Ошондой эле,   долбоордун жаңы жетекчиси  Апичоке Котикуле мырза үчүн  шарттарды түзүп жатканын, ал Кыргыз Республикасынын Статистикалык системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен ишти улантарына ишеним көргөздү.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Саида Исмаилахунова Улутстатком менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Биз Кыргыз Республикасында статистикалык маалыматтардын сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган ушундай маанилүү демилгени колдоп жатканыбызга кубанычтабыз. Биргелешкен аракеттер жана командалык жумуштар иш натыйжаларын берип жатат жана келечекте долбоордун ийгилигине үмүт артып жатабыз» - деди өз сөзүндө.

Жолугушуунун соңунда Бактыбек Кудайбергенов Саида Исмаилахунова жана Григорий Кисунького ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  «Статистиканын отличниги» төш белгиси менен сыйлады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Статистикалык системасын модернизациялоо боюнча долбоордун максаттарына жетүү үчүн кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен аракет көргөзүнү макулдашышты.

 

Акыркы жаңылоо: 19.08.2024, 17:38