«Кыргыз Республикасындагы баалар» статистикалык жыйнагы чыгарылды

Басылмалардын датасы: 04.04.2025


«Кыргыз Республикасындагы баалар» статистикалык жыйнагы 2020-2024-ж.ж. керектөө рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары менен тарифтеринин деңгээли менен өзгөрүүсүн мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрдү, өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана сатып өткөрүлгөн айыл чарба продукциясынын бааларынын индекси, байланыш жана жүк ташуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин индекси жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Бул маалыматтар жалпы республика боюнча дагы,  ошондой эле анын баардык региондору боюнча да көрсөтүлгөн.

Жана да КМШ өлкөлөрүндөгү керектөө бааларындагы жана экономиканын анык секторундагы өзгөрүүлөр чагылдырылган.

Экономисттер, статистиктер жана башка категориядагы колдонуучулар үчүн басылып чыгарылды.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын
“Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү.


Акыркы жаңылоо: 04.04.2025, 11:18