2010-2014-жылдардагы “Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө” жыйнагы басылып чыкты.
Басылмалардын датасы: 18.01.2016
“2010-2014-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө” статистикалык жыйнагы Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнүн абалынын ар түрдүү өңүтүн, ошондой эле акыркы беш жыл ичинде аны коргоо боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды мүнөздөгөн атайын басылма болуп саналат.
Басылмада туруктуу өнүктүрүүнүн индикаторлорунун мониторингинин максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан республиканын аймагында катталган флора менен фаунанын түрдүк ар түрдүүлүгүн, атмосфера абасынын, жер жана суу ресурстарынын абалын жана алардын пайдаланылышын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын, аларды жок кылуу боюнча иш-чараларды, айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдарды, ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык айрым көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн маалыматтар келтирилген.
Жыйнак кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты.
Жыйнакты алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун БЭБнин маркетинг кызматына кайрылыңыздар. тел.+996 (312) 32-47-03.
________________________________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө e-mail: korozbaeva@stat.kg
статистикасы башкармалыгы тел.: +996 (312) 32 46 91
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
