2/2020-жылдын “Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени” жарык көрдү
Басылмалардын датасы: 01.09.2020
Азык-түлүктүк коопсуздук жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2020-жылдын II кварталындагы азык-түлүктүк камсыз кылынгандык менен өлкөдөгү кырдаалдардын талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө карата жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөө жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана түтүмдаштырылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
Тиркемелерде 2018-2019 жылдардагы ресуртардын балансы жана негизги тамак аш продуктуларын колдонуу, 2020ж. II-кварталындагы Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2020 ж. II кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2019-ж. кедейчилик деңгээли, 2015-2019-жж. социалдык коргоо тармагындагы индикаторлор, 2020-жылдын I-кварталындагы 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
Информационный бюллетень Кыргызской Республики по продовольственной безопасности и бедности
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы
Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail: NKerimalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324691
| e-mail: y.kalymbetova@gmail.com; | тел. + 996 (312) 664164 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Официалдуу статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).