2016-жылдын “Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень”
Басылмалардын датасы: 10.03.2017
Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень 2016-жылда азык-түлүктүк камсыз кылынгандык менен өлкөдөгү кырдаалдардын талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө карата жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөө жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана түтүмдаштырылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2016-жылдагы азык-түлүктүк теңдемдин базалык тамак-аш азыктары боюнча баалоочу маалыматтар, 2016-жылдын 9 айында 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы
Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail:korozbaeva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691
| e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |