2018-жылдагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени” басылып чыкты
Басылмалардын датасы: 27.02.2019
Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени 2018-жылы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган (тутумдаштырылган).
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2018-жылдын 9 айы үчүн 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалыматты «Басылмалар» бөлүгүнөн караңыз.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы Үй чарба статистикасы бөлүмү
|
| e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |