2018-жылдын III кварталындагы “Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени” басылып чыкты
Басылмалардын датасы: 06.12.2018
Азык-түлүктүк коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень 2018-жылдын III кварталындагы азык-түлүктүк камсыз кылынгандык менен өлкөдөгү кырдаалдардын талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө карата жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөө жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана түтүмдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2018-жылдын январь-сентябрында азык-түлүктүк теңдемдин базалык тамак-аш азыктары боюнча баалоочу маалыматтар, 2018-жылдын январь-июнундагы 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
_______________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail: NKerimalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324691 | e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).